• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түптө өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Түптө өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусундагы Түп районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагында жайгашкан айылдардын жашоочуларын үймө-үй кыдырып, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрү иш-чара жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тургундарга тез жардам номерлери эскертилип, өрттүн негизги себептери, балдарды дайыма көзөмөлдөп туруу зарылдыгы жана өрт учурунда туура иш-аракеттер тууралуу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий