• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө спирт ичимдигинин айынан эркек адам бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп айылында спирт ичимдигинин айынан эркек адам бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 9-сентябрь күнү болжол менен 19:30дар чамасында “102” кызматына Түп райондук орууканасынан европа улутундагы 40-45 жаштагы эркек адам киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам тергөө тобу каза болгон адам 41-жаштагы К.Е. аттуу адам экендигин аныктаган. Сөөктү тыштан кароо учурунда анын жүзү, колдору жана кийимдери кан экендиги, мындан тышкары, криминалдык тактар бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде Түп айылынын 48-жаштагы М.Т. аттуу тургуну шектүү катары кармалган. Ал кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алып, окуя боюнча каза болгон К.Е. экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруштан аны катуу сабап кетип калгандыгын билдирген.

Шектүү Түп райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Азыркы учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий