• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрөбаев 22-мартта тигүү тармагындагы ишкерлер менен жолугат. Кызыккандар үчүн байланыш номери

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 22-мартта тигүү тармагындагы ишкерлер менен жолугат. Ага каалоочулардын баары катыша алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, азыркы учурда тигүү тармагынын продукциясы ата-мекендик жана эл аралык рыноктордо алдыңкы орунду ээлөдө жана бааланууда. Тигүү тармагындагы ишканалар учурда көпчүлүк калкты (өзгөчө региондордо) жумуш орундары менен камсыздап жана мамлекеттин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө көмөктөшүүдө.

Ушул тармак приоритеттүү болуп эсептелгендиктен, министрлер кабинетинин көрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинин астында 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде (Бишкек ш., Чүй проспекти, 106) өлкөдөгү тигүү тармагынын ишкерлери менен жолугат.

Жолугушуунун максаты, тигүү тармагындагы ата-мекендик ишкерлерди колдоо жана бул тармакты өнүктүрүү. Ошондой эле, ишкерлер өздөрүнүн негизги көйгөлүү маселелерин билдирип, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдар менен талкуулоого мумкүнчүлүк жаралат. Өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында Кыргыз Республикасынын тигүү тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат.

Жолугушууга катышууга кызыккан тигүү тармагынын өкүлдөрү, төмөндөгү номер аркылуу байланышып, маалымат алышса болот: (Елдос Сагымбаев, 0555 262 929; 0312 62-05-35 кош. 276; 132)

Пикир

Оставить комментарий