• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев административдик-аймактык реформа маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев административдик-аймактык реформа маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекет башчынын жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө.

Аталган реформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүүгө жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий