• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев Азербайжандын Милли межлисинин депутаттарын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Милли межлисинин депутаттарын кабыл алды. Бул тууралуу министрелр кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар жөнүндө сүйлөштү.

“Кыргыз-азербайжан кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын терең канааттануу менен белгилегим келет.Быйыл биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жакшы келечеги бар экенине ишенеримди билдиргим келет”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Бакыт Төрөбаев.

Ал эми, Азербайжандын Милли межлисинин депутаты Джаваншир Фейзиев “Кыргызстан менен Азербайжандын парламентарийлери Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеяларынын жана КМШга мүчө-өлкөлөр арасында натыйжалуу диалог жүргүзүүдө. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча маңыздуу иштерди улантуу боюнча биргелешкен аракеттерге жаңы дем берерине ишенем”, - деди.

Маалымат иретинде: Уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн “Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду” түзүлгөн. Анын алкагында инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү.

Пикир

Оставить комментарий