• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрөбаев: Быйыл “Манас” жана “Ош” аэропортторун модернизациялоо иштери күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери тууралуу баяндамалар угулду жана талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жарандык авиацияны өркүндөтүү жана аба кыймылын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик агенттиктин түзүлүшү алдыңкы жетишкендиктердин бири экенин белгиледи.

“Мамлекеттик агенттиктин түзүлүшү – эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан жогору бааланды. Жаңы түзүлгөн мамлекеттик агенттиктин алдына Президентибиз тарабынан амбициялуу милдеттер коюлду. Алар өлкөдө чакан авиацияны өнүктүрүү, ички, ошондой эле эл аралык аба каттамдарын көбөйтүү жана маршруттарын кеңейтүү, бизнес-авиация рыногун ачуу, транспорттук аба түйүнүн жана инженердик-техникалык базаны түзүү”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшыртылып, анын жыйынтыгында 2022-жылы Кыргызстандын аэропортторунда 5 миллиондон ашуун жүргүнчү тейленген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 22%га көп. Аба каттамдарын өнүктүрүү жана маршруттарды кеңейтүү максатында бүгүнкү күнгө карата 30 мамлекет менен аба байланышы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулар түзүлгөн.

Баткен, Каракол, Тамчы аэропортторун реконструкциялоо боюнча олуттуу иштер аткарылган. Ошондой эле, Ош, Баткен, Казарман аэропортторунун аэродромунун асфальт төшөлмөлөрүн жаңыртуу боюнча иштер аткарылып, Нарын аэропортунда жаңы аэровокзалды куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жогоруда белгиленген жетишкендиктерге карабай Мамагенттиктин алдында көптөгөн чакырыктар жана милдеттер бар экенин айткан Бакыт Төрөбаев, Мамагенттик 2022-жылдын жыйынтыгы менен аткаруу тартиби начар мамлекеттик органдардын катарына киргенин кошумчалады.

“Мамлекеттик агенттик Президенттин, Министлер Кабинетинин чечимдерин, тапшырмаларын аткарууда мүчүлүшүктөрдү кетирип, солгун иш алып барып жатат. Бирок Мамагенттиктин ушул жылдын май айында түзүлгөндүгү эске алынып, агенттикти аткаруу тартиби начар мамлекеттик органдардын расмий рейтингине киргизген жокпуз. Ошондуктан ушул маселеге көңүл буруп, ар бир берилген тапшырманы өз убагында так аткарууга алыңыздар. Мамлекеттик кызматкерге мамлекет баардык шартты түзүп берип жаткандан кийин, мамлекетке кызмат кылууга чакырам”, – деди ал.

Мындан тышкары, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун алдыңкы бүтүрүүчүлөрүн жумуш орундары менен камсыз кылуу сунушун тиешелүү мекемелердин жана авиакомпаниялардын жетекчилерине киргизди. Ошондой эле, бул институт капиталдык оңдоодон өткөрүлө турган болду.

Пикир

Оставить комментарий