• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрөбаев Чүйдөгү бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай объектилерин кыдырды.

Анда, МинКаб Төрагасынын орун басары Чуй районунун Токмок шаарында эскирген дөңгөлөктөрдү жана желим буюмдарды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоору менен таанышты.

Завод ишке киргизилгенден кийин желим буюмдарынан чыккан калдыктар азайтылаары, өлкөнүн экологиялык абалына оң таасирин тийгизип, эл аралык рынокко чыгаары белгиленди.

МинКаб Төрагасынын орун басары экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, заводду ишке киргизүүгө Министрлер Кабинети максималдуу колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Андан ары Бакыт Төрөбаев “Кыргызцентрпродукт” ААКнын ишканасына барып, жашылча-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү процесси менен таанышты.

Маалым болгондой, ишкана 2010-жылдан бери иш алып барат, ата мекендик ири бренддерди кошуу менен 10 миң тоннадан ашуун жашылча-жемиш экспорттойт.

МинКаб Төрагасынын орун басары мындай ишканалар республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болуп санала тургандыгын белгилеп, мамлекеттик банктар жана өнүктүрү фондулары аркылуу мындай өндүрүштүн көбөйүшүн колдоого даяр экендигин билдирди.

Жумуш сапарынын соңунда Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Токмок шаарынын өнөр жай аймагынын абалы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, ар бир облуста кайра иштетүүчү өндүрүш аймактарын түзүү жана жүргүзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт. Ага ылайык, мамлекет инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана документтерди даярдоого байланыштуу жардам көрсөтүүгө милдеттенет.

Төрөбаев мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн ата мекендик ишканаларды колдоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырып, Министрлер Кабинети инвесторлор үчүн күнү-түнү ачык экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий