• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев финансы институттарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КРнын өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Тажикстан Республикасы тараптын куралдуу агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлерине колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) социалдык объектилерди каржылоону демилгелегендигин белгиледи.

Ал мамлекеттик банктарды жана өнүктүрүү фонддорун бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө жигердүү катышууга жана Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда иш менен камсыз кылууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү бизнес долбоорлорду тез арада каржылоого киришүүгө чакырды.

Жыйында Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес-долбоорлорго кредит берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды, мында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюлчу мүлкү жана чет элдик валютада кредиттерди алууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алуу менен долбоорлорду каржылоо механизмине басым жасалды.

Ошондой эле жыйында көпчүлүк мекендештерибиздин күрөөгө коюучу мүлкү жок экендигин жана чет элдик валютада насыя ала албай жаткандыгын эске алып, Улуттук банкка коммерциялык банктар тарабынан бизнес долбоорлорго насыя берүүнүн форматын жана механизмдерин кайра карап чыгуу, же өзгөртүү сунушталды.

Буга катар Айыл чарба министрлигине дыйкандар өстүргөн картошканын түшүмүн сатуу, кошумча көлөмдө кумшекер, май сатып алуу маселелерин тез арада колго алуусу тапшырылды.

Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, ошондой эле «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондуна бир жуманын ичинде Лейлек эркин экономикалык аймагын өнүктүрүү боюнча долбоорду карап чыгууну сунуштоо чечими кабыл алынды , «Айыл банк» ачык акционердик коомуна “Тазаланган күн карама майын өндүрүү” долбоорун ишке ашырууга катышуу сунушун киргизүүсү, “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Базальт ташын, базальт буюмдарын кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк комплексти уюштуруу” долбооруна катышуу жана «Золотой орех» жоопкерчилиги чектелген коомуна “Грек жаңгагын кайра иштетүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий