• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрөбаев: Өлкөгө алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Expo-Russia Kyrgyzstan 2022» / «Expo Eurasia - 2022» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана Бишкек бизнес форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, аталган иш-чара эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоого кызмат кылат.

«Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, биздин маалымат боюнча, 2285,4 млн АКШ долларын түздү. Биз ата мекендик экономиканы ырааттуу өнүктүрүү үчүн алдыңкы технологияларды жана россиялык компаниялардын менеджментин тартууга кызыкдарбыз. Бизде россиялык бизнеске сунуштай турган нерселерибиз бар. Биз жаңы сунуштарга жана долбоорлорго ачыкпыз. Кыргыз Республикасы ак ниеттүү чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун ар дайым колдойт жана аларды андан ары ишке ашырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

200дөн ашуун компания катышып жаткан көргөзмө эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө көмөктөшүү максатында уюштурулган.

Россиянын жана Кыргызстандын ишканаларынын экспозицияларында эл чарбасынын бардык тармактарындагы инновациялык продукциялар жана иштеп чыгуулар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий