• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрөбаев: Мамлекеттик үлүшү бар мамишканаларды жана акционердик коомдорду башкаруу тутумун өзгөртүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек. 12.04.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду өркүндөтүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакыт Төрөбаев аталган ишканаларда иштеген башкаруучуларды тандоо тутумун жана алардын ишин баалоо критерийлерин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

«Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана республиканын ИДПсын жогорулатуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Үстүбүздөгү жылы биз консолидацияланган бюджетти 400 млрд сомго жеткирип, туруктуу өнүгүүнү камсыздообуз керек. Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалар, банктар, уюмдар жана өнүктүрүү фонддору экономиканы өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болуусу тийиш. Сапаттуу жана натыйжалуу башкаруу, санариптештирүүнү, жашыл экономиканы, жаңы технологияларды, иштеги креативдүү ыкмаларды ишке киргизүү багыттарын эске алуу менен ишканалардын башкаруу тутумун өзгөртүү зарыл. Реалдуу секторду көтөрүп, экспорт көлөмүн жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин алдына пенсияларды жана жөлөкпулдарды жогорулатуу милдети коюлду», - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар компаниялардын өнүгүү программалары сунушталып, алардын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине эки жумалык мөөнөттө өнүгүү программаларын даярдап, Экономика жана коммерция министрлигине сунуштоосу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий