• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Төрөбаев: Министрлер кабинетинин негизги багыттарынын бири ата мекендик фермерлерди колдоо

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Кыргыз Кашемир”жоопкерчилиги чектелген коомунун ачылышын жасап жатып, “Бийик тоолуу, агрардык Кыргызстан мамлекети ар дайым өз экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган, инвестиция жасай турган бардык инвесторлорго, өнөктөштөргө, досторго эшигибиз ачык”, - деп билдирди.

Республика боюнча 800 миңден ашуун эчки, 46 миңден ашуун ири мүйүздүү мал бар (топоз), алардан жылына 45 миң тонна тыбыт өндүрүлөт.

“Кыргызда багылган эчкилердин тыбыты технологиялык сапаты боюнча СНГ мамлекеттеринде көп суралып турат. Демек, өлкөбүз чийки зат базасына жана зор потенциалга ээ. Ишкананын ачылышы фермерлердин кирешесин көбөйтөт, текстиль жана токуу тармагын өнүктүрөт, тыбыт тараганга, чогултканга аялзаты жумуш менен камсыз болот, элдин социалдык-экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга түрткү болот” – деди Бакыт Төрөбаев.

“Кыргыз кашемир” ЖЧКда 100 адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Бул ишканага Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери тыбыт жөнөтөт. Фермерлерден ишкана жылына 2 млн долларга жакын чийки зат сатып алат. Андан ары өндүрүлгөн кашемир АКШ, Канада, Италия, Англия, Германия, Австралия, Россия, Япония сыяктуу бир катар өлкөлөргө экспорттолот.

“Президентибиз бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды, жагымдуу инвестициялык климатты түзгөн бир топ Жарлыктарга, Мыйзамдарга кол койду, либералдык кадамдарды жасады. Ошондуктан ушул ишканага инвестиция жасап жаткан ишкерлер эч жаңылган жоксуздар. Кыргыз мамлекети инвестициялык долбоорлорду бардык тараптан толук колдоорун билдирем” – деп кошумчалады Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев “Нэшнл Стайл” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул ишкана кийизден жасалган буюмдарды чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий