• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев өнүктүрүү фонддорун жана мамлекеттик банктарды фармацевтик өндүрүштү активдүү колдоого чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Фарма Нур”жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилерин бизнес чөйрөнү активдүү колдоого чакырды.

“Мамлекет башчыбыз тарабынан кол коюлган ишкерлерди коргоо жана колдоо жөнүндөгү Жарлыктар жана Мыйзамдар бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга шарт түзөт”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетүүчу жагдай, Кыргызстандагы дары-дармек рыногунун 97% импортту түзөт, өздүк өндүрүш рыноктун 3% гана камтыйт.

Ишкерлердин билдирүүсүндө, “Фарма Нур” фармацевтикалык компаниясынын учурдагы өндүрүш потенциалы менен 2027-жылга чейин рыноктун 35% камтый турганын ишкерлер билдирүүдө. Азырынча каржылоонун аздыгынан дарынын 4 түрү чыгарылууда, негизи бул ишкана дарынын 30 түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгу бар.

Пикир

Оставить комментарий