• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду даректүү мамлекеттик колдоого алууну күчөтүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.

«Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, экспортту колдоого, сырьелук базаны кеңейтүүгө, туризмге, жашыл технологияларга, креативдүү экономикага жана импортту алмаштырууга негизделиши керектигин белгилегим келет. Бул багыттардын бардыгы мамлекеттин экономикасын калыбына келтирүүгө, ошондой эле инвестициялык саясатты өркүндөтүүгө жана бизнес менен мамлекеттин ички ресурстарын консолидациялоого багытталган экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл», - деди ал жана Координациялык кеңештин Долбоордук кеңсеси стратегиялык долбоорлор үчүн идеялардын генератору жана чыпкасы болуусу тийиштигин кошумчалады.

Кеңешменин жүрүшүндө Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин ишмердүүлүгү жана Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин Долбоордук кеңсесин түзүү жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду тандоо механизмдери боюнча маселелер каралды, ошондой эле стратегиялык инвестициялык долбоорлорду даярдоо үчүн улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактары аныкталды. Мындан тышкары, Координациялык кеңештин мүчөлөрү «Скай Индустриал Групп» компаниясынын балык тоюттарын өндүрүү жана лифт чыгаруу боюнча бизнес долбоорлорунун бет ачары менен таанышты.

Талкуунун жыйынтыгында Координациялык кеңештин мүчөлөрү азык-түлүк, энергетикалык коопсуздук, отун-энергетикалык комплекси, экспортко багыт алуу, сырьелук базаны кеңейтүү, туризм, жашыл технологиялар, креативдүү жана санариптик экономика, импорт алмаштыруу, соода-логистика жана транспорт тармагы сыяктуу улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактарын аныктады.

Пикир

Оставить комментарий