• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрөбаев: Полиграфия жана китеп басып чыгаруу тармагы мамлекет тарабынан колдоого алынат

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Учкун» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, ата мекендик басма иши нормативдик чөйрөдө, автордук укук, басма сөз цензурасы, башкаруу түзүмү жаатында, мамлекеттик көзөмөл органдарын түзүү жана алардын иш алып баруусунда олуттуу өзгөрүүлөргө учурады.

«Бул процесстердин бардыгы мамлекеттен көз карандысыз түрдө иштеген жеке басмаканалардын өнүгүшүнө алып келди. Окуу адабияттарынын авторлорунун өзүлөрү чет элдик басмаканалар менен окуу китептерин жана окуу куралдарын басып чыгаруу боюнча келишим түзө алган. Заманбап рыноктук шарттар алардын кызматташуу аймактарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди, биздин өлкөдө автордук укуктун кыйшайбас принциптери бар”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана мамлекеттик полиграфия тармагынын өкүлдөрүн авторлордун көңүлүн туруктуу жана узак мөөнөттүү тапшырык параметрлерине жооп берген пайдалуу сунуштарга буруу менен бул рынокко активдүү катышууга чакырды.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, китеп иши, жалпы эле басма иши катары ишкерлик чөйрөсүнө киргендиктен, ал биринчи кезекте өзгөчө маданий тармак болуп саналат.

«Бул өзгөчөлүк улуттук идеологиянын шартында китеп басып чыгаруу тармагын өнүктүрүүнү камтыйт. Мындан тышкары, бул тармак бизнестин жана ишкердиктин башка түрлөрүнө караганда бир топ ыңгайлуу экономикалык шарттарда өнүгүшү керек», - деп эсептейт Бакыт Төрөбаев.

Мындан улам президент тарабынан «Учкун» ишканасынын базасында мамлекеттик китеп басып чыгаруу тармагын өнүктүрүүгө багытталган Жарлыкка кол коюлду.

Белгилей кетсек, «Учкун» ачык акционердик коому кеңири инфраструктурасы, өндүрүштүк кубаттуулугу жана иштөө потенциалы бар ири полиграфиялык ишкана болуп саналат.

Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ошондой эле комбинатты модернизациялоо, анын өндүрүштүк кубаттуулуктарын максималдуу пайдалануу, өлкөнүн илимий-интеллектуалдык чөйрөсү менен кызматташтыгын жайгаруу милдети да коюлган.

Пикир

Оставить комментарий