• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев: Республика боюнча жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек

Өкмөт 0

Бишкек, 06.01.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев республика боюнча жылытуу мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү тапшырмасын энергетика министри Таалайбек Ибраевге берди.

Чүй электр тармактар ишканасынын учурдагы абалы, ишкананын көйгөйлүү маселелери жана 2023-жылга карата пландарын талкуулаган жыйында Бакыт Төрөбаев өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суук аба ырайына даяр туруу керектигин билдирди.

“Өзгөчө күз-кыш мезгилинде элди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо энергетиктердин негизги милдети. Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан бүгүнтөн тартып Кыргызстандын бардык электр тармактары ишканалары ар түрдү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев 2023-жылга карата коюлган пландарды өз убагында, жеткиликтүү деңгээлде аткаруу үчүн электр жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары, акылдуу электр эсептегичтердин көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын билдирип, муну менен электр энергиясынын жоготууларынын пайда болуусун алдын алууга жана аларды азайтууга болоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий