• 82
  • 84.48
  • 1.35

Төрөбаев «SKY Industrial Group» лифт жабдууларын өндүрүүчү ишканада болду

743 кароо Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «SKY Industrial Group» ЖЧК лифт жабдууларын өндүрүүчү ишканага барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана «SKY Industrial Group» компаниясынын жетекчиси Рахат Жунушбаева борбордун лифт чарбасын модернизациялоо маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий