• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрөбаев Ысык-Ата районунда кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкк, 28.04.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул объектке баруу энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-чараларынын алкагында уюштурулду.

Жыйынга энергетика тармагындагы ассоциациялардын жана бирикмелердин, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде кичи ГЭСтерди курууга керектүү уруксат документтерин алуу боюнча орун алган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

“Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ кичи ГЭСтин курулушунун жүрүшү менен таанышуу жана кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашырууда инвесторлор менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн текшерүү үчүн атайын сырттан жыйын өткөрүп жатат. Инвесторлор мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынан уруксат документтерин алууда кечигүүлөргө кабылып жатканын айтууда. Жакын арада инвесторлор менен иштөө боюнча “бирдиктүү терезенин” иштешин жөнгө салган жобо иштелип чыгат”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев жыйындын соңунда бир катар тапшырмаларды берди.

Инвестициялык долбоорду айрым тармактарда, атап айтканда энергетика тармагында ишке ашырууда бажы төлөмдөрүнөн бошотуу каралган. Эгерде ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлбөсө (же аз өлчөмдө чыгарылса) же ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоордун техникалык мүнөздөмөлөрүнө жооп бербесе, чийки зат жана материалдар үчүн бул жеңилдик берилет.

Маалымат үчүн: “Сапат-Электро.КТ” компаниясы тарабынан Ысык-Ата дарыясына курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу 2023-жылы аяктайт жана ал ишке киргизилгенде анын кубаттуулугу 2 МВт болот.

Пикир

Оставить комментарий