• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрөбаев: Жалал-Абад облусунун жашыл энергияны өндүрүү боюнча потенциалы чоң

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” эл аралык форумуна катышты.

Бакыт Төрөбаев форумда сөз сүйлөп жатып, энергетикалык каатчылыкты жөнгө салуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маанилүү милдеттеринин бири экенин белгиледи.

“Республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн тынымсыз процесси жүрүп жатат, анда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө бардык инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар каралган. Кабыл алынган электр энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясаты электр станцияларын куруу долбоорлорунун натыйжалуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр станцияларын жана объектилерин куруу долбоорлору тиешелүү”, - деди ал.

Төрөбаев ошондой эле, Жалал-Абад облусунун жашыл энергияны өндүрүү боюнча потенциалы чоң экенин кошумчалады.

“Жалал-Абад облусу өзүнүн географиялык абалына байланыштуу күн жана шамал энергиясы, ошондой эле гидроэнергетикалык ресурстары жеткиликтүү. Ошондой эле, бүткүл дүйнөдө “жашыл туризм” модалуу тенденцияга айланып, өлкөлөрдүн экономикасынын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болууда. Республикадагы гидроэнергетикалык ресурстардын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда топтолгондуктан, туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот”, - деди МинКаб төрагасынын орун басары.

Белгилей кетсек, эл аралык форумда Россия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасы сыяктуу бир катар мамлекеттерден келген делегациялардын катышуусунда жашыл энергетика, туризм тармактарында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууларды жогорулатуу маселелери сүйлөшүлдү.

Пикир

Оставить комментарий