• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрөбаев жана Азербайжандын элчиси өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселесин талкуулады.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын президентинин Азербайжанга расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий