• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Төрөбаев: Жарандар кандай негизде жөлөкпул алышарын мыйзамга так эле жазуу керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги көчмө жыйыны министрликтин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин көргөзмөсү менен таанышуудан башталды. СССРден калган бул мекеме азыр дагы өз багытында иш алпарып, министрликке катталган майыптарга протез буттарды, корсеттерди, бандаждарды, моюн кармагычтарды, атайын бут кийимдерди жана башкаларды жасап келет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фракциянын көчмө жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова өзү жетектеген мекеменин ишмердүүлүгүнөн жалпы сөз кылып, андагы тармак башчылары алпарган иштери боюнча өз өзүнчө презентация жасашты.

Маалыматка ылайык, бул министрлик жалаң эле жөлөкпул чектөө маселеси менен эмес, майып балдар, багаар-көрөөрү жок кары-картаңдар, кароосуз калган балдар сыяктуу калктын аялуу катмарлары менен тыгыз иш алпарат. Башкача айтканда, пенсияларды чектеп, муктаждарга жөлөкпуларды белгилөөдөн сырткары, майыптарды атайын буюм-тайымдар менен камсыздоо, социалдык кепилдиктерди берүү, реабилитациялык борборлор аркылуу кызмат көрсөтүү жана стационардык кызмат көрсөтүүдөн сырткары, үй шартында дагы кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүп келери тууралуу кеңири сөз болду. Андан сырткары, министрликке караштуу медициналык- социалдык эксперттик комиссиянын, 17 социалдык-стационардык мекеменин иши тууралуу дагы маалымат берилди.

Жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору дагы талкууга алынды. Депутат Б.Төрөбаев: “Жарандар кандай критерийлердин негизинде жөлөкпул ала алаарын мыйзамга так эле жазуу керек”, - деп, мындай пикирин жөлөкпул алуучуларды аныктоочу комиссиянын ишине карапайым элдерден нааразычылыктар көп болот деген жүйөлөрү менен негиздеди.

Депутат Гүлшат Асылбаева сунушталган мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-пунктундагы пенсиянын жалпы кирешелердин ичине камтылышы туура эместигине токтолду. “Пенсия – бул киреше эмес, ал бир жарандын өмүр бою иштеп келген акысынын үзүрү. Ал кирешелерди ичине камтылбашы керек. Ушуну түшүнсөңөр”,- дейт ал. Ал эми депутат Абдыкапар Султанов долбоордун 5-беренсинин 2-пунктудагы мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ар жыл сайын белгиленет деген ченемдин өзү туура эместигин айтты. Мындай пикирди улаган депутат Мирлан Бакиров аракеттеги мыйзамдан жалпы кирешеден пенсияны алып салса бүгүнкүдөй талаш-тартыштуу маселелер көтөрүлбөйт эле дейт. Мындан сырткары, депутат “сүйүнчү пулду” төрөт үйүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо берүү максатка ылайык болоорун айтып, анын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу аркылуу берилиши туура болоорун кошумчалады. “Сүйүнчү пулду” төрөт үйүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо берилишине жыйынга катышып отурган КР каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев дагы кошулду.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев министрликти балдарга болгон камкордук боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгек мигранттарынын жоопкерчилиги боюнча биргелешип мыйзам долбоорун жазууга чакырды.

Жыйынтыгында талкууда айтылган сын-пикирлердин негизинде фракциянын чечими кабыл алынып, андагы сунуштар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жолдонмой болду.

Пикир

Оставить комментарий