• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР делегациясы мамкызматтарды санариптештирүү жаатында Азербайжандын тажрыйбасы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинде («ASAN» кызмат көрсөтүү борбору) болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Джейхун Салманов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басарына «ASAN» кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берди.

«ASAN» кызмат көрсөтүү борборунун түзүлүшү менен ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана заманбап инновацияларды колдонуу иретинде натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетишилгендиги белгиленди.

Мындан тышкары, санариптик өкмөт, стартап экосистемаларын жана социалдык инновацияларды колдоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы «INNOLAND» инкубация жана акселерация борбору, «Bilim Bakı» борбору менен таанышып, андан соң «ASAN» кызмат көрсөтүү борборунда сунушталган «ABAD» стенди менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында санариптик өкмөт жаатында «ASAN» кызмат көрсөтүү борборунун кызматын жана Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин тажрыйбасын пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий