• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрөбаевдин КЭР СУАРдагы иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканалары менен келишимдер түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (Кытай Эл Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында бир катар өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты.

Анда, Төрөбаев “YEMA GROUP., LTD” компаниясынын президенти Чен Ган менен жолугуп соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар боюнча сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясына кытай маданияты жана тарыхы тааныштырылып, анын жыйынтыгы менен туризм тармагында эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү макулдашылды.

Андан ары, Бакыт Төрөбаев айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуу үчүн “JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD” холдингдик компаниясынын жетекчили менен жолукту. Тараптар Кыргызстанда пахтанын, жүгөрүнүн жана буудайдын жогорку түшүмдүү үрөөндөрүн текшерүүдөн өткөрүү жана жайылтуу боюнча көргөзмө борборун, ошондой эле жогорку түшүмдүү үрөөндөрдүн лабораториясын ачуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында КР Айыл чарба министрлиги менен “JIUSHENGHE HOLDING GROUP CO.LTD” холдингдик компаниясынын ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча мемерондумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Энергетика тармагы боюнча Мининстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары “ТВЕА” компаниясынын президенти Чжань Синь менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө, компаниянын лабораториясын жана заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Мындан тышкары, “Xinjiang Huadian” электроэнергетикалык компаниясынын жетекчиси Хань Сон менен жолугуп, Кыргызстандын аймагында күн жана шамал электр станцияларын куруу жана Кыргызстандан СУАРдын түштүк тарабына жаңы курулуп жаткан ЖЭБге көмүр жеткирүү макулдашылды.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев “Ютун” компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда тараптар Кыргызстанга автобустарды жеткирүү үчүн анын каржылоо жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев, Кыргызстан ички жүргүнчүлөрүн ташууда жана аймактар ортосундагы каттамдар үчүн автобустар керектигин билдирди. Анын жыйынтыгы менен “Ютун” компаниясы тарабынан Кыргызстанга автобустарды жеткирүү боюнча сунуштарды жана шарттарды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий