• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Жумабеков: 2019-жылы мугалимдердин эмгек акылары жогорулайт

Коом 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. 2019-жылы мугалимдердин эмгек акылары жогорулайт. Бул тууралуу төрага Дастанбек Жумабеков Бакай-Ата жана Талас райондорунун активдери менен жолугушкан учурда билдирди.

Анын айтымында, эки күндөн бери кесиптештерим менен Талас облусун аймактарын кыдырып чыктык. Жер-жерлерде мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилердин курулуп жаткандыгына күбө болдук.

"Бул жылы мугалимдердин эмгек акылары жогорулайт, – деди Жумабеков. – Биз мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкондордун эмгектерин баалайбыз. Ал эми коррупция менен күрөш эӊ жогорку деӊгээлде жүрүп жатат. Эки жылдан кийин өлкөбүздө чоӊ-чоӊ өзгөрүүлөр боло тургандыгына бекем ишенемин".

Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактардагы көйгөйлөрдү: айылдардын инфратүзүмүн жакшыртуу, ичүүчү суу менен камсыздоо, курулушу бүтө элек мектептер, жолдор жана башка маселелерди тизмектешти.

Ошондой эле Талас облусунун тургундары бюджетте иштегендердин пенсияларынын адилетсиз эсептөөлөрүнө нааразычылыктарын билдиришти.

Жумабеков айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий