• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган аймактын социалдык-экономикалык абалы талкууга алынып, акыркы жылдары жасалып иштер тууралуу сөз болду.

Төрага Дастанбек Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: “Шаарлар менен алыскы айылдардагы жашоо-шарттын айырмачылыгын азайтуу аркылуу калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан, акыркы жылдары алыскы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, мектеп, оорукана, жол, таза сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда. Айрыкча, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ар кандай керектүү долбоорлор ишке ашырылып жатат”, – деди.

Бул мисал катары төрага Дастанбек Жумабеков: “Быйыл Ак-Дөбө айыл аймагында ишке берилген кант заводунун ачылышына катыштым. Албетте бул чоң жаңылык жана мындай өндүрүштүк ишканалардын иштөөсү аймак үчүн эле эмес, өлкө үчүн өтө маанилүү”, – деп кошумчалады.

Ал эми Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Максат Жумакулов айрым маселелерге токтолуп, аны чечүүгө көмөктөшүүнү төрага Дастанбек Жумабековдон өтүндү. Анын ичинен айылдагы мектептердин электр энергиясы жергиликтүү бюджеттен каржылангандыктан оорчулук туулуп жатканын билдирип, аны тиешелүү министрликтин каржылоосуна берүү маселесин көтөрдү. Андан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жер, сугат суу маселесине байланышкан көйгөйлөргө да токтолушту.

Өз кезегинде мындай жолугушуулар Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланышты бекемдеп, маселелердин тез арада чечилүүсүнө көмөкчү болорун айткан төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен анын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий