• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Азербайжан парламентинин 100 жылдыгына арналган иш чарага катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарына барды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Бүгүн 20-сентябрда аталган иш-чаранын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев чет өлкөлүк парламент жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Ильхам Алиев өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө токтолуп, катышкандыгы үчүн бардык делегация башчыларына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ушул маанилүү окуяга байланыштуу Азербайжан тарапты куттуктап, жакшы каалоолорун билдирди.

Ошондой эле Дастанбек Жумабеков менен сүйлөшүү алкагында Президент Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго салам айтып, Азербайжан Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырып өттү.

Пикир

Оставить комментарий