• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага: Бакиевдин Беларуста турушу жана коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстанды тынчсыздандырат

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында турушу кыргыз тарапты тынчсыздандырат. Бул тууралуу төрага Дастанбек Жумабеков Бишкекке келген Беларусиянын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын спикери Владимир Андрейченко менен жолугушуу учурунда билдирди.

Андрейченко 19-майда Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынына катышуу үчүн келген.

Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Бакиевдин Беларусияда кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.

Ал эми Андрейченко Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып:

"Жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт деген ишеничтебиз" ,– деди Андрейченко.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Пикир

Оставить комментарий