• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Төрага баштаган делегация Валентина Матвиенко менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Россия Федерациясына болгон расмий иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Төрага Дастанбек Жумабеков Федералдык Жыйындын 25 жылдыгы менен куттуктап: " Жаңыланган парламенттин 25 жыл аралыгындагы аткарган иши заманбап демократиянын түптөлүшүнө салым кошуп, парламенттик дипломатиянын жогорку баскычын багындырды. Өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын ишке ашырууда сиздердин парламент жигердүү иштеп, эл аралык аренада өзгөчө абройго ээ болду. Федералдык Жыйындын Федерация Кеңеши парламенттер аралык диалогду түзүүдө чоң роль ойнойт",- деп белгиледи.

Төрага ошондой эле эки өлкөнүн достук кызматташтыгына токтолуп, биргеликте иш алып барган уюмдардын ишин мындан ары да бекемдөө керектигин билдирди. Дастанбек Жумабеков өз сөзүндө Федерация Кеңешинин колдоосу менен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык Ассамблеясынын алкагында түзүлгөн "Шериктештик балдары" аталышындагы эл аралык маданий агартуу форумуна Жогорку Кеңеш жетекчилик кылып, ийгиликтүү иш алып барганын белгилеп өттү.

Расмий иш сапарга чакырууну жылуу кабыл алган Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирген Валентина Матвиенко: "Кыргызстан Россия үчүн ишенимдүү өнөк боло алды. Парламенттер аралык кызматташтык эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келет. Эки тараптуу пикир алышканда ар дайым негизги маселе катары эмгек мигранттарына байланышкан маселелер талкууланат. Биздин өлкөдө эмгектенген мигранттар жакшы шартка муктаж. Бүгүнкү күндө биз баардык шарттарды түзүү аракетин көрүүдөбүз. Мигранттар кыйналбашы үчүн эки өлкө тең кайдыгер карабашы абзел",- деп билдирди.

Валентина Матвиенко ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө Федералдык Жыйындын Федерация Кеңеши өзгөчө даярданып жатканын айтты. Эки тарап мындан башка саясий алакалар, билим берүү тармагын өнүктүрүү, парламенттик кызматташтыкты бийик деңгээлге чыгаруу ойлорун ортого салды.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Россия Федерациясына расмий иш сапары менен кеткен. Делегациянын курамында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Зиядин Жамалдинов, Мухтарбек Айнакулов, Талант Мамытов, Данияр Толонов жана Бактыбек Турусбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий