• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага баштаган ЖКнын делегациясы ЖККУ ПАнын пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Кечээ, 30-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) 11-пленардык жыйынына катышты.

Пленардык жыйындын алкагында “Улуттук коопсуздукту камсыздоо тууралуу”, “Кескин маанилүү объекттердин коопсуздугу жөнүндө” жана “Терроризм менен экстремизмге каршы маалыматтык күрөш тууралуу” моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.

Андан тышкары, интеллектуалдык ишкерчилик укугун коргоо чөйрөсүнө, ошондой эле террордук уюмдарды таануу маселесине тиешелүү ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдардын жакшыртуу боюнча сунуштардын долбоорлору талкууланды.

Муну менен катар жыйын катышуучулары ЖККУга мүчө мамлекеттердеги эл аралык деңгээлдеги маанилүү коомдук-саясий, спорттук жана башка иш-чараларда коопсуздукту камсыздоонун нормативдик-укуктук жөнгө салуу Концепциясынын долбоорун карашты.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар З.Рысалиев менен И.Гайпкулов бар.

Пикир

Оставить комментарий