• 84.45
  • 87.56
  • 1.38

Жогорку Кеңештин делегациясы иш сапары менен Түркияга барат

655 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен барат.

Пардаменттен билдиргендей, сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Пикир

Оставить комментарий