• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Төрага: Билим берүү кызматкерлерине ар күнү рахмат айтуубуз кажет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылдын 29-сентябрындагы жарлыгы менен мугалимдер күнү катары бектитилген. СССР маалында да бул кесиптик майрам октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган учурдан тартып аталган майрамдын аты бир нече ирээт өзгөртүлдү. Кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы токтому менен 5-октябрь - Билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.

Билим берүү кызматкерлеринин күнү – бул бүткүл өмүрүн билим берүүгө, агартуучулука арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдирип, аларга таазим этүүгө мүмкүнчүлүк берген күн. Албетте, биз билим берүү кызматкерлерине ар күнү рахмат айтуубуз кажет. Билим берүүнүн өнүгүшү муундар арасындагы алаканы чыңдайт. Андыктан, билим берүү кызматкерлерине - тарбиячыларга, мугалимдерге, педагогдорго зор үмүт жүктөлгөн. Себеби мугалим ар бир күнү окуучуга билим берип, келечекке жол көрсөтөт. Мугалимдердин талбаган эмгегинин аркасы менен келечектин туткасы болгон жаштар чыгармачылыкка, билимге умтулуп, таланты өсөт.

Урматтуу мугалимдер! Кадырлуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Талбаган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, эл керегине жараган жаштарды табиялоо менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо берүүңүздөргө тилектешмин. Издөнүүнү талап кылган изги ишиңиздерди ийгилик коштосун. Майрамыңыздар менен ардактуу агартуучулар!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий