• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу алкагында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын социалдык-экономикалык өсүшүнө зарыл болгон маселелерди биргеликте талкуулоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Алмаз Кененбаев мыйзамга ылайык республикалык бюджетке толугу менен чегерилүүчү административдик айып пулдардан түшкөн кирешени бөлүү маселесин кайрадан карап чыгуу зарылчылыгына токтолду.

“Бирок, шаар калкынын жашоосун жакшыртуу менен аларга татыктуу кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо милдети жергиликтүү бюджетке жүктөлгөн. Аны менен катар сатуудан алынуучу салыкка байланышкан мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү дагы кескин кыскарды”, – дейт Алмаз Кененбаев.

Мындан сырткары, ал мыйзам деңгээлинде Бишкек шаарында салынган административдик айып пулдардын 50%ын жана киреше салыгынын 100%ын жергиликтүү казынага чегерүү маселесин чечүүгө Жогорку Кеңештин көмөктөшүүсүн өтүндү. Жолугушууда шаардагы жер маселеси да көтөрүлүп, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу көйгөйлөрү да айтылды.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына көтөрүлгөн маселелер боюнча жакынкы аралыкта Өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрүү сунушун берди.

“Сиздер айткан көйгөйлөрдүн жана сунуштардын көпчүлүгү каржы маселесине тиешелүү. Ал эми ага байланышкан чечимдерди Өкмөт кабыл алат. Андыктан, жакынкы аралыкта Өкмөттүн тиешелүү өкүлдөрү менен тар чөйрөдө жолугушуп, Бишкек шаарынын бюджетин кайрадан талкуулоону сунуштайм”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Айрыкча шаардык кеңештин депутаттарынын башкы артыкчылыгы, калаанын казынасын рационалдуу пайдаланууну көзөмөлдөөдө экенин кошумчалаган Дастанбек Жумабеков, борбор шаардагы тазалык көйгөйүнө да токтолду. Буга Өзбекстандагы иш сапарынын алкагында Ташкенттин тазалыгы таң калтырганын мисал келтирип, шаардык кеңештин депутаттарын калаанын тазалыгын жакшыртуу багытында социалдык жарнактарды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий