• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алды,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков борбор калаанын жакшырышында шаардык кеңештин ролу жогору экенин белгилеп: “Бишкек – өлкөбүздүн жүзү. Андыктан, калаанын экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык жактан өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Айрыкча, шаардык кеңештин депутаттары мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт болуп, борборубуздагы жашоо-шартты жакшыртууга багытталган демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүсү керек”, – деди.

Ошондой эле Төрага депутаттарды Бишкек шаарынын 140 жылдыгы менен куттуктап: “Калаабыз жылдан-жылга кеңейип, өсүп келет. Бирок кемчиликтер да жок эмес. Буйруса, баарыбыз шаарды өнүктүрүү үчүн өз салымыбызды кошуп, мыйзам чегинде иш алып барсак Бишкек гүлдөгөн калаага айланат деген ишеничтемин”, – деп билдирди.

Мындан сырткары, Бишкек баатырдын атын алып жүргөн калаага, анын эстелигин орнотуу зарылчылыгына да токтолгон Дастанбек Жумабеков: “Шаардыктар үчүн эле эмес, борбордун коноктору үчүн да калаа кандайча Бишкек баатырдын атын алып калгандыгы өтө кызык. Ошондуктан, бул инсандын эстелигин орнотуп, ал тургай шаардын өзүнчө музейин ачуу зарыл”, – деп кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Дастанбек Жумабеков Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевге Төраганын энчилүү саатын ыйгарып, депутаттар Таалайбек Сариевге, Асылбек Кадралиевге, Эрмек Усубалиевге, Эмил Сыдыковго жана шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Максат Алымбековго Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий