• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Ч. Турсунбеков Пакистандын премьер-министри менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Пакистанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Наваз Шариф менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-пакистан алакаларынын азыркы абалын талкуулап, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу багытында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Мухаммад Наваз Шарифдин 2015-жылы Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарын эске салып: "Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы алакалар жигердүү өнүгүүдө. Андыктан бул иш сапарыбыз да парламенттер аралык байланыштардын жаӊы барагын ачуу менен бирге көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт деп ишенем", - деди.

Ошондой эле, Ч.Турсунбеков Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы жаӊы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Бейшембиев менен тыгыз кызматташууга чакырып, эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакаларын жакшыртууга багытталган долбоорлорду дайым колдоп берерине үмүт артарын билдирди.

Мындан сырткары, эки өлкө ортосунда чечилбей турган эч кандай маселе болбошу керектигин айткан Чыныбай Турсунбеков, Пакистандын Шанхай Кызматташтык уюмуна кирүүсүн Кыргызстан дайым колдоого аларын кошумчалады.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу багытында да сүйлөшүүлөр болуп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосундагы товар алмашуунун жана инвестициялык алакалардын көлөмү тиешелүү деӊгээлде болбой жаткандыгын белгиледи. Ошону менен катар Европалык биримдик алкагындагы жалпылаштырылган жеңилдиктер тутумуна (ВСП+) ээлик кылган Пакистандын тажырыйбасы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экенин айткан Төрага: "Кыргыз тарап бул жаатта интернет-семинарларды жана тиешелүү жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар. Айрыкча Кыргызстандын мыйзамдык базасы чет элдик инвесторлор үчүн өтө ылайыктуу. Андыктан, пакистандык ири корпарацияларды жана жеке ишкерлерди өлкөбүздөгү кен казуу, электр энергия, айыл чарба, "адал" индустриясы, жеӊил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана экологиялык туризм тармактары боюнча кызматташууга чакырам", - деди.

Андан тышкары, транспорттук байланыштарды күчтөндүрүү менен түз авиакаттам ачуу зарылчылыгына токтолгон Чыныбай Турсунбеков, "Кытай-Пакистан: Экономикалык коридор" долбоору аркылуу Кыргызстан Пакистандын Карачи жана Гвадар портторуна чыгууга кызыкдар экендигин кошумчалады. Ал эми CASA-1000 долбоору бүткөрүлсө, Пакистан арзан жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз болорун билдирди.

Ошондой эле жолугушууда маданий-гуманитардык багытта да сүйлөшүүлөр болуп, Чыныбай Турсунбеков ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк саммитке Пакистан тараптын да катышарына ишенерин айтты.

Өз кезегинде Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Наваз Шариф Пакистан да кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, эки өлкө ортосунда биргелешип ири долбоорлорду ишке ашыруу керектигине токтолду. Андан сырткары, бул жолугушууда айтылган баардык сунуштар колдоого алынарын белгилеп: "Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды чыңдайбыз", - деди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар.

Пикир

Оставить комментарий