• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык таймашына күбө болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек,03.11.18./Кабар/. Бүгүн, 3-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун финалдык таймашына күбө болушту.

Ош шаарынын ат майданында өткөрүлгөн оюнга облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген көк бөрү курама командалары катышкан. Таймаш кызуу өтүп, натыйжада биринчи орунга Чүйдүн "Сары-Өзөн" курама командасы татыды. Ал эми экинчи орунду Ысык-Көлдүн көк бөрүчүлөрү багынтып, үчүнчү орунду Таластын курама командасы алды.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков оюн кызуу өткөнүн белгилеп: "Улуу калемгер Чыӊгыз Айтматовдун элесине арналган эрендердин эр оюну көк бөрү көпчүлүктүн көӊүлүнөн орун тапты. Бул таймашка Кыргызстандын бардык аймагынан күйөрмандар келип, ынтымак менен биримдикте өз командаларын сүрөп турушту. Мындан ары да эл биримдигин ширеткен ушундай иш-чаралар арбын болуп, арабыздан Чыӊгыз Айтматовдой ааламга аты таанылган инсандар арбын чыксын", - деди.

Ошондой эле Төрага улуттук оюндарыбыздын башаты болгон көк бөрү оюнунун катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Кошумчалай кетсек, алп калемгердин уулу Эльдар Айтматов да Ош шаарында уюштурулган көк бөрү таймашына күбө болуп, сыйлык тапшыруу аземине да катышты.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары эки күндүк иш-сапар менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий