• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Ч.Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков жер титирөө катталган Ош облусунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ айылдарындагы жергиликтүү эл менен жолугушат. Ошондой эле Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылына барып, жер көчкүдөн жабыркаган жарандардан да кабал алат. Андан тышкары, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелердин курулушу менен да таанышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий