• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Ч.Турсунбеков КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Бишкек, 27-мартта Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш делегациясы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарында уюштурулган маарекелик пленардык жыйынга катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында 25 жыл аралыгында жетишилген ийгиликтер айтылып, Парламенттер аралык ассамблеянын тарыхын камтыган тасма көрсөтүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков аталган Парламенттик ассамблеянын тарыхына токтолуп: "Мурдагы жети союздук республиканын парламент жетекчилери 1992-жылдын 27-март күнү Алмата шаарында КМШ Парламенттик ассамблеясы тууралуу келишимге кол коюшкан. Дал ошол жылдын сентябрь айында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын алгачкы жыйыны Бишкек шаарында өтүп, башкы кеӊсеси Санкт-Петербург шаарына жайгаштырылган. Андан берки чейрек кылым аралыгында шериктештикке мүчө мамлекеттердин саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын чыӊдоо багытында бир катар парламенттер аралык иш-чаралар өткөрүлдү. Айрыкча, шериктештиктеги демократиялык процесстерди чыӊдоодо, аймактагы коопсуздукту камсыздоодо жана ар тараптуу кызматташтыкты кеӊейтүүдө Парламенттер аралык ассамблеянын орду өзгөчө болду", - деди.

Ошондой эле, мамлекеттер аралык жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоого алууда жана жүздөгөн моделдик мыйзамдарды, сунуштарды иштеп чыгууда Ассамблея жигердүү иш алып баргандыгын кошумчалаган Чыныбай Турсунбеков: "КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлүшү учурунда келечектүү чечим болгон. Себеби, тарыхы бир өлкөлөрдүн парламенттеринин карым-катнашы бардык тармактагы кызматташууларга жакшы таасирин тийгизген", - деп билдирди. Буга КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү мүчө мамлекеттерде өткөрүлгөн шайлоолорго байкоочу катары катышып, таза тандоо түшүнүгүнө таянган демократиялык принциптердин жайылышына жардамчы болгондугун мисал келтирди.

КМШ алкагындагы маданий-гуманитардык алакаларды чыӊдоо жаатында да жигердүү иш алып баргандыгын эске салган Чыныбай Турсунбеков, 2012-жылдын ноябрь айында Санкт-Петербург шаарында Ассамблеянын демилгеси менен "Чыӊгыз Айтматов дүйнөсү: интеграция жана маданий диалог" аталышында Эл аралык конференция өткөрүлгөндүгүн кошумчалады.

Мындан сырткары, Чыныбай Турсунбеков 2016-жылы Жогорку Кеӊеш менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы Бишкек шаарында биргелешип өткөргөн "Демократиянын өнүгүшү: шайлоо кампанияларын тажрыйбасы, тандоо өнөктүгүндөгү мыйзамдардын жана жаӊы технологиялардын ролу" аталышындагы эл аралык конференция КМШдагы шайлоо системасын жакшыртууга чоӊ өбөлгө болгондугун айтты Сөзүнүн акырында: "Кыргызстан Ассамблея алкагындагы бардык кызматташтыкка кызыкдар. Андыктан, биз парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо аркылуу достук мамилени улантабыз деген ишеничтебиз" - деп кошумчалады.

Ошондой эле, жыйын алкагында шериктештикке мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго "КМШ ПАА 25 жыл" маарекелик медалы ыйгарылды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозова бар.

Пикир

Оставить комментарий