• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Чыныбай Турсунбеков Ага Хан уюмунун өкүлү менен тармактар аралык кызматташтыкты арттыруу талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ага Хан уюмунун Өнүктүрүү тармагы боюнча өкүлчүлүгүнүн жана Борбор Азия университетинин (БАУ) Камкордук кеӊешинин башчысы Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тармактар аралык кызматташтыкты арттыруу багытындагы Ага Хан уюмунун Өнүктүрүү тармагы боюнча өкүлчүлүгүнө Кыргызстанда ишке ашырып жаткан маанилүү долбоорлору үчүн Шамш Кассим-Лакхага ыраазычылык билдирди. "Акыркы жылдары сиздин жигердүү ишмердүүлүгүӊүздүн натыйжасында бир топ ийгиликтер болууда", - дейт ал.

Өз кезегинде Шамш Кассим-Лакха баардык ийгиликтер КР Жогорку Кеӊешинин жана КР Өкмөтүнүн колдоосу менен аткарылып жатканын белгилеп, Жогорку Кеңеш Төрагасын Борбордук Азия университетине келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле жолугушууда көп тармактуу кызматташтыкка багытталган бир топ маселелер көтөрүлүп, айрыкча, Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту менен болгон алакалардын келечеги талкууланды.

Ага Хан уюмунун Өнүктүрүү тармагы боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха айыл чалба, туризм, аймактарды өнүктүрүү, билим берүү, конституциялык реформалар сыяктуу бир катар тармактарга илимий изилдөө жүргүзүү үчүн Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун эксперттери эл аралык жана Кыргызстандагы адистер менен биргеликте ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин, Ага Хан Өнүктүрүү тармактары баардык изилдөөлөрдүн каржылык чыгымдарын өз моюндарына алууга даярдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков аталган демилгени колдоого алып, өлкөдөгү айыл чарба, туризм, кичи жана ири ишкерчилик тармактарына изилдөө жүргүзүү учур талабы экендигин айтты. Ошондой эле, тиешелүү мыйзамдык базаларды тыкыр изилдөө менен аларды жакшыртуу багытында иш алып баруу керектигине токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: "Илимий фактылар менен аныкталган изилдөөнүн жыйынтыктары аталган тармактардын өнүгүшүнө жол ачарына ишенем", - дейт.

Мындан сырткары, тараптар Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту менен Жогорку Кеӊештин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүп, өзгөчө, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Илимий-изилдөө борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө баарлашты.

Шамш Кассим-Лакха Ага-Хан уюмунун Өнүктүрүү тармагы боюнча өкүлчүлүгү тараптар аралык кызматташтыкты жакшыртуу багытында жана жаӊы долбоорлору ишке ашыруу максатында иш алып барып жатканын тизмектеди.

Жолугушуунун соӊунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргыз тарап да Ага-Хан уюмунун Өнүктүрүү тармагы боюнча өкүлчүлүгү менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, мындан аркы байланыштарга ачыктыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий