• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Чыныбай Турсунбеков Якутия Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы А.Жирковду кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Төрагасы Александр Жирковду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊешинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, эки тараптуу өнөктөштүктү арттыруу зарылчылыгын белгилешип, аймактар аралык байланыштарды кеӊейтүү мүмкүнчүлүгүнө да токтолушту.

Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбеков маданий-гуманитардык, илим жана билим берүү жаатындагы өз ара алакаларды кеӊейтүүгө өзгөчө көӊүл буруу керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушуу алкагында Александр Жирков, Чыныбай Турсунбековго улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун якут тилине которулган "Ак жамгыр" ("Илгэлээхардах") аттуу китебин белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий