• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Д.Жумабеков мамлекеттик символдордун авторлору менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 02.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков мамлекеттик символдорду иштеп чыккан авторлорду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

3-март мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнүнүн алкагында өткөн жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков желек, герб жана гимн Кыргызстандын башкы байлыгы экенин баса белгилеп, аларды иштеп чыккан авторлоруна ыраазычылык билдирди.

“Өлкө ичиндеги жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай саясий жолугушууларда, спорттук жана башка иш-чараларда желегибиз бийикте желбиреп, гимнибиз жаңырса ар бир кыргызстандык сыймыктанабыз. Бабаларыбыз мураска калтырган Ала-Тообузга сүйүүбүз артып, мындан ары да мекенибизди көздүн карегиндей сактоо керектигине ынанабыз. Анткени, мамлекетибизди дүйнө эли желбиреген желегибиз, жаңырган гимнибиз жана тартылган гербибиз аркылуу тааныйт”, – деди Төрага.

Ошондой эле Дастанбек Жумабеков авторлордун талыкпай изденип, көп түйшөлүп жасаган эмгеги кыргыз мамлекети менен түбөлүк жашай берерине токтолуп: “Эгемен өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик символдорубузду ыйык тутуу менен алардын авторлору катары сиздерге сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүү”, – деп кошумчалады.

Ал эми гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев мамлекеттик символдорду иштеп чыккандардын көйгөйлөрү тууралуу учкай маалымат берип: “Карыганда дарылануу үчүн бизде оорукана жана каржы көйгөйү көп жаралат. Ошондой эле автор экенибизди далилдейт турган атайын күбөлүгүбүз да жок”, – деди.

Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекеттик символдор кабыл алынган учурдан баштап, алардын авторлоруна тиешелүү бардык токтомдорду каратып чыгып, алар көтөргөн көйгөйлөрдү чечип берерин убада кылды. Андан сырткары, 3-март мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктап, акчалай белек тапшырды.

Белгилей кетсек, жолугушууга туунун авторлору Б.Жайчибеков, Ж.Матаев, Э.Айдарбеков, гимндин авторлорунун бири Ш.Кулуев жана гербдин авторлорунун бири С.Дубанаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий