• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Төрага Д.Жумабеков “Саякбай Каралаев” тасмасын көрүүгө барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков чакан чөйрө үчүн жабык көрсөтүлгөн “Саякбай Каралаев” тасмасын көрүүгө барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тасманы көрсөтүү иш-чарасы 2014-жылы Саматбек Ибраев тарабынан негизделген Манасчы Саякбай Каралаев атындагы эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган. Эскерте кетсек, Саматбек Ибраев “Манас” эпосун жайылтууга болгон күчүн жумшаган инсан катары коомчулукка белгилүү. Ал “Манас” эпосун бардык көйгөйдү чечүүгө көмөкчү болгон, ар учурдун акыл казынасы катары эсептеп келет.

Ал эми режиссер Эрнест Абдыжапаров тарабынан тартылган аталган тасманын негизин Саякбай манасчы менен жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусу түзөт. Тасмада Айтматовдун ролун уулу ойносо, Саякбайдын ролун актер Марат Жанталиев жараткан. Айрыкча актердун Саякбай Каралаевге окшоштугу көрөрмандарды өтө таңдантты.

Кинону көргөндөн соң Төрага Дастанбек Жумабеков чыгармачыл жамаатын ишине суктанганын билдирип, жогору баасын берди.

“Тасманы ырахаттануу менен толкунданып көрдүм. Саякбай Каралаевдин өмүр жолу – бул бир адамдын гана тарыхы эмес, белгилүү манасчы аркылуу бир доордун көрүнүшү. Чыгармачыл жамааттын уюшкан ишинин арты менен биз эски доорлорго кайтып, бабаларыбыздын баскан жолуна көз чаптырдык”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Эске салсак, Манасчы Саякбай Каралаев атындагы фонд “Манас” эпосун жайылтуу жана таанытуу иши менен алектенет. Мындан мурун “Маданият” телеканалы менен бирге фонд тарабынан жаш манасчылар арасында сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилген. Аймактарда да ушундай эле иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий