• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө төрага алгач Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында жайгашкан Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Белгилей кетсек, 10 киши жатып дарыланууга ылайыкташкан оорукана имараты 13 млн 451 миң сомго бүткөрүлгөн. Учурда анда жети дарыгер эмгектенет.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Жумабеков элдин ден-соолугу, калктын саламаттыгы бардыгынан бийик турарын белгилеп: “Бул жаатта алгылыктуу иштерди жасоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анткени, саламат коом менен гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз” ,– деди. Ошондой эле акыркы жылдары элдин социалдык абалын жакшыртууга арналган арбын иштер аткарыла баштаганын айткан Төрага, айрыкча Өлкө башчысынын демилгеси менен аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Андан соң төрага Манас айылында жеке ишкер Дамира Молдоярованын көмөгү менен курулган кум-таш майдалоочу кичи заводдун ачылышына катышты. Ишкананын ачылышы жакшы саамалык экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы завод ийгиликтүү иштесе жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болуп, мамлекеттин, анын ичинен курулуш тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошоорун билдирди.

Эскерте кетсек, аталган завод саатына 80 тонна кум-ташты жууп чыгарат жана учурда 11 адам эмгектенет. Ал эми жеке ишкер Дамира Молдоярова ишкананы дагы кеңейтип, жумушчулардын санын көбөйтүүнү мерчемдеп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий