• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага “Эне – бала мээрими” кризистик борборунун жетекчисине материалдык жардам көрсөттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 7-мартта “Эне – бала мээрими” кризистик борборунун жетекчилери Иса Өмүракунов жана Таалайгүл Арзыматова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алгач жубайлар И.Өмүракунов менен Т.Арзыматова жалгыз бой энелерге турмуштун оош-кыйыштары менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүп, келечекте эне болуучуларды энелик кубанычтан баш тартпоого үндөп келишкен. Кийин кризистик борбордун базасында жубайлар Иса менен Таалайгүл балдар үйүн уюштуруп, ата-энелери баш тарткан балдарды тарбиялай башташкан.

Бүгүнкү күндө жубайлар ар кайсы жаштагы 30 балага “өздүкү же жаттыкы” деп бөлүп-жарбай тарбия берүүдө. Алардын өздөрүнүн балдары дагы калган балдар менен чогуу өсүп, чарбалык жумуштарга чогуу кол кабыш кылып, кичинекейлерин кароого көмөктөшөт.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков И.Өмүркулов менен Т.Арзыматовага алардын мындай зор эмгеги, мээримдүүлүгү жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“30 баланы тарбиялап-өстүрүп жатканыңарга чындап эле таңгалдым. Балдарга тарбия берүү – талбас мээнетти, чыдамкайлык менен сабырды талап кылган татаал эмгек. Күн сайын аларга өзүн кандай алып жүрүүсү керектигин айтып, камкордук көрсөтүп, жасаган иштери менен жараткан ийгилигине кубанып, ар тараптан колдоо көрсөтөсүңөр. Тилекке каршы, жаш ата-энелер баласына тарбия берүүгө даяр болбогон учурлар кездешет. Бирок, мен ата-энесинин ордуна ата-эне болгон сиздерди бул тарбиялап жаткан балдарыңар эч качан унутпаарына жана алар сиздерге жөлөк-таяк болоруна бекем ишенемин”, - деген Төрага Жогорку Кеңеш тарабынан балдарды социалдык жактан колдоону камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Иса Өмүракунов элдин баары андан жана аялынан бир эле нерсени – эмне себептен балдар үйүн ачкандыгын сурай беришерин айтты. Жубайлар балдарды абдан жакшы көрүшөрүн, ата-эненин мээриминен алыс өсүп бараткан балдарга жардам берүүгө дилгирлигин бир ооздон айтышты. “Көптөрү бизди атасыз же энесиз үй-бүлөдө чоңойгон деп ойлошот, бирок андай эмес. Биз болгону ар бир баланын сүйүктүү ата-энеси болсун дейбиз. Аялым экөөбүздү балдар апа, ата дешет. Биз ар кайсы улуттагы балдарды өстүрүп-тарбиялап жатабыз. Үй-бүлөдө баарыбыз кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Балдарыбыз орусча дагы жакшы билишет, мектепте анлис, немис тилдерин окуп жатышат. Ар бир балабыздын өзүнчө кызыгуулары бар, алар кызыккан кружокторуна барышат”, - дейт Иса Өмүракунов.

Жолугушуу соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков жубайлар И.Өмүракунов менен Т.Арзыматовага ыраазычылык кат тапшырып, алардын балдар үйүнө материалдык жардам көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий