• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага: Кыргызстан Иранды аймактагы саясий жана экономикалык өнөктөш катары карайт

Саясат 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Тегеран шаарындагы расмий иш сапарынын алкагында Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар жолугушууда кыргыз-иран кызматташтыгы боюнча пикир алышып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштардын келечегин, ошондой эле терроризм жана экстремизм коркунучтарына каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Иран менен болгон мамиле Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: "Биз Иранды аймактагы, айрыкча ислам дүйнөсүндөгү саясий-экономикалык өнөктөш катары карайбыз жана эки мамилекеттин бакубатчылыгына багытталган эки тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүүгө кызыктарбыз", - деген Төрага, Жогорку Кеӊеш башкы мыйзам чыгаруучу орган катары бул жааттагы мамилелерди колдоого даяр экенин кошумчалады.

Жогорку деӊгээлдеги иш сапарлардын, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыгын жигердүү өнүгүп жатышы кыргыз-иран кызматташтыгынын жаӊы этабынын далили экенине белгилеген Чыныбай Турсунбеков, бул эки мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланууга жол ачат деп ишенерин билдирди.

"Бүгүн Иран салттуу ислам принциптерин кармаган жана саясий-экономикалык, социалдык-маданий чөйрөдө алгылыктуу кадамдарды жасаган өлкө катары дүйнө коомчулугунда өз ордун тапты. Ал тургай Иран аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууда өзгөчө орунда ээлейт" - деген Жогорку Кеӊеш Төрагасы "Ирандын өзөктүү программасынын айланасындагы абалды жөнгө салуу боюнча аракеттердин биргелешкен толук көлөмдүү планынын" ишке ашырылгандыгы үчүн маектешин жана жалпы Иран элин куттуктады.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Иран тарап парламенттик демократиялык багытты тандап алган Кыргызстан менен саясий, экономикалык жана башка тармактардагы өнөктөштүктү күчтөндүрүүгө кызыктар экенин белгилеп: "Иран көп тармактуу өз ара байланыштарды улантууга жана кеӊейтүүгө даяр" - деди. Ошондой эле, ал өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген бир катар кызматташтык маселелерине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Төрага Чыныбай Турсунбеков 2017-жылдын 19-майында Иранда өтө турган президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн тиледи.

Пикир

Оставить комментарий