• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага: Өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртууга багытталган мыйзамдар кабыл алынууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Талас облусундагы иш сапардын алкагында аймактын активи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты.

Облустагы олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүшкөн жергиликтүү эл, “Таза суу" долбоору, жайыттардын абалы, мектеп, оорукана жана жол сыяктуу инфраструктуралык маселелерге токтолушту. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган айрым маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, кээ бир көйгөйлөрдү чечүү боюнча жолугушууга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрүнө тапшырма берди.

Ошондой эле жыйында “Суусамыр-Талас-Тараз” жолун жана “Манас-Ордо” комплексин оңдоп-түзөө маселеси да айтылды. Ал эми дыйкандар төө буурчактын баасы өзүнүн чыгымын актабай жатканын билдиришти.

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган маселелерди чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылды. “Биз бүгүн бир катар мекемелерди кыдырып, кандай иштер жүргүзүлүп эатканынан кабар алдык. Бардык эле облуста ичүүчү суу менен камсыздоо, мектеп жана башка социалдык мекемелердин курулушу сыяктуу көтөрүлөт. Жогорку Кеңеш Өкмөт менен биргелешип инвестиция тартуу үстүндө иштеп келет. Айрыкча, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртууга багытталган бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Аймактарды өнүктүрүүгө жетиштүү каражат бөлүнөт",-деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар элдин жашоосун жакшыртуу багытында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге эмгек акы төлөө тууралуу маселени Жогорку Кеӊештин депутаттары колдоп бергенин айткан Төрага, "Мамлекеттик жөлөк пул тууралуу" КРнын мыйзамына ылайык ар бир төрөлгөн наристеге сүйүнчү пул берилип жатканын да кошумчалады.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Талас облусунда иш сапар менен жүрөт. Андыктан, жогорудагыдай эле жолугушуулар Кара-Буура жана Манас райондорунда да уланат. Делегация курамында депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бар.

Пикир

Оставить комментарий