• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, төрага улутубуздун башкы байлыктарынын бири саналган мамлекеттик тилибиз – кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил экенин белгиледи. "Бабаларыбыз басып өткөн жолунда далай кубаныч менен кайгыны өткөрсө да, тилин жоготпой тили аркылуу салт-санаа, үрп-адатын сактап келген. Бул тил менен дүйнөдө теңдеши жок океандай “Манас” эпосу жаралып, Чыңгыз агабыз адамзатты аруулукка үндөгөн асыл чыгармаларды жазган. Бул тил менен улуу акын Алыкул Шота Руставелини кыргызча сүйлөтүп, Ысык-Көлдүн толкунундай толкуган ырларды жараткан. Андыктан, кыргыз тилинин көз карандысыз кыргыз мамлекетибиз үчүн мааниси өтө жогору", -деди Турсунбеков.

Анын айтымында, 1989-жылы дал ушул күнү андагы саясий-идеологиялык чакырыктардын басымына карабай мамлекеттик тил катары таанылган эне тилибиз өлкө тарыхын түп-тамырынан өзгөртүүгө өбөлгө болгон. "Өз алдынчалуу, демократиялык багытты тандап алган Кыргызстандын кайра жаралуусуна шарт түзгөн. Албетте, биримдик менен эгемендиктин түркүгү катары саналган мамлекеттик тилибизди колдонуу жана жайылтууда көйгөйлөр жок эмес. Ошентсе да, акыркы жылдары кыргыз тилинин макамын толук кандуу пайдалануу боюнча аракеттер арбын. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөбүз үчүн Мамлекеттик тилибиз этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу, эл ынтымагын, журт биримдигин бекемдөө, өлкөдөгү туруктуулукту сактоо менен өсүп-өнүгүүгө өбөлгө түзүү милдетин аткарууга тийиш. Мындай максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн өлкөдө саясий эрк, жигердүү аракет жана тийиштүү мүмкүнчүлүктөр жетиштүү", -деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Ошондой эле, Ч.Турсунбеков тил – бир адамдын жашоодогу негизги мүмкүнчүлүгү гана эмес, бир улуттун башкы байлыгы деп эсептейт. "Кыргыз тилибиз кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы. Айрыкча, ааламдашуу доорунда башка тилдерди да өздөштүрүү менен катар эне тилибизди жогорку деңгээлде билүүбүз шарт. Андыктан, баарыбыз кыргыз тилин аздектеп, улуттун улуу тилин сактайлы. Кыргыз тили барда эгемен Кыргызстан жашай берет. Дагы бир жолу сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик, Ала-Тообузга тынчтык каалайм. Бар болсун кылымдарды карыткан Манастын тили!", -деп жыйынтыкталат төраганын куттуктоосу.

Пикир

Оставить комментарий