• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Мамытов Баткендеги окуялар боюнча парламент имаратына келгендер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлө турган кезексиз жыйындын алдында Жогорку Кеңештин төрага Талант Мамытов чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендердин өкүлдөрүн кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга депутаттар Камила Талиева, Султанбай Айжигитов, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Ырысбек Атажанов, Айгүл Айдарова жана Чыңгыз Ажыбаев катышты.

Анда учурдагы түзүлгөн жагдай талкууланып, келгендер Баткендеги окуяларга тынчсыздануу менен ал жактагы жакындары үчүн кабатырланып жатышканын билдиришти.

Төрага Талант Мамытов айтылган бардык суроо-талаптар парламенттин кезексиз жыйынында көтөрүлөрүн белгилеп: “Керектүү бардык чечимди кабыл алууга даярбыз”, – деди.

Эскертке кетсек, төрага “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган. Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий