• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Мамытов Гурбангулы Бердымухамедов менен парламенттик алакаларды арттырууну талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Түркмөнстандын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланып, айрыкча парламенттик алакаларды арттыруу тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна чакыргандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовге ыраазычылык билдирип, бул форум аталган өлкөлөрдүн парламенттик кызматташтыгын кеңейтүүгө өбөлгө болооруна ишенерин кошумчалады.

Муну менен катар “Быйыл Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленет. Биз 30 жыл аралыгында калыптанган кызматташтыкка жогору баа беребиз жана мында ары да достук, бир туугандык мамилелерди жигердүү өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, – деген Жогорку Кеңештин Төрагасы мамлекет башчыларынын өткөн жылдагы жолугушуулары тууралуу да сөз кылды.

Мындан тышкары, парламенттер аралык байланыштын да маанилүүлүгүнө токтолгон Талант Мамытов: “2022-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтөөрү мерчемделген Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги отурумуна Түркмөнстан парламентинин делегациясын да күтөбүз. Ошондой эле депутаттык достук топторунун байланышын да чыңдашыбыз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Түркмөнстанга жасаган иш сапарын эске салып, анда маанилүү багыттар боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи. Анын ичинен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө тиешелүү макулдашуулар тууралуу сөз кылды. Ошондой эле кыргыз элине жана Президент Садыр Жапаровго салам жолдоду.

Белгилей кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Ашхабад шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышууда. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

Пикир

Оставить комментарий