• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Мамытов Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.04.21./Кабар/. 28-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушту. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар талкууланып, тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашты.

Төрага Талант Мамытов Кыргызстандын аракети менен жаңжал тынчтык жолу жана дипломатиялык алакалардын алкагында жөнгө салынып, окуянын курчушуна жана курмандыктардын санынын өсүшүнө бөгөт коюлганын маалымдады. Айрыкча, кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жана бардык жетишилген келишимдерди сактоо жолу менен чечүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ал эми боордош эки элдин кызматташтыгы тууралуу да сөз кылган төрага салтка айланган жогорку деңгээлдеги өнөктөштүк жана жигердүү алака бардык багыттагы өз ара байланыштарды камтый тургандыгын кошумчалады.

"Казакстан артыкчылыктуу инвесторлордун катарында турат. Анткени, биздин өлкөдө бир жарым миңден ашуун биргелешкен ишканалар катталган жана иштеп жатат. Буга байланыштуу Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан инвесторлордун, анын ичинен казакстандык өнөктөштөрдүн укуктарын коргоо үчүн бардык тиешелүү чаралар кабыл алынууда", - деди Талант Мамытов.

Мындан сырткары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын март айында Казакстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы канаттануу менен белгиленди. Ошондой эле эки мамлекет башчылары тарабынан жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы кыргыз-казак кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артылды. Муну менен катар айрым маселелер дагы деле чечилбей жатканы айтылып, анын ичинен мамлекеттик чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд АКШ долларына жеткирүү тууралуу сөз болду.

Талант Мамытов казак тарапты транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө, айрыкча Россияга, ошондой эле Кытай Эл Республикасынан темир жол аркылуу Кыргызстанга жүк ташыгандардын ишине тиешелүү маселелерге көңүл бурууга чакырды. Төрага аталган маселелердин биргелешкен аракеттин арты менен чечилээрине ишенерин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жетишилген келишимдер жигердүү өнүгүп жаткан эки өлкөнүн алакасын татыктуу улантаарына үмүт артты.

Пикир

Оставить комментарий