• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Он эки айда бир келчү Орозо айы адамзатты кең пейилдикке, сабырдуулукка үндөгөн куттуу ай. Таӊдан-кечке тамактануудан гана баш тартпастан, ыйык айда ыйманды толтуруп, жан-дүйнөнү аруулатуу негизги максат. Айрыкча, Орозодо кайрымдуулукка басым жасалып, муктаждарга жардам колун узатуу ыйык парздардын бири болуп саналат. Араздашкандар жарашып, урушкандар табышып, достук мамилелер менен туугандык алакаларды арттыруу ар бир адамга берилген башкы милдет катары каралат. Андыктан, ушул 30 күндүн мусулман коомчулугу үчүн мааниси жогору.

Кадырлуу мекендештер!

Быйыл куттуу Орозо айынын жаркыган жазга туш келгендиги да жакшылыктын жышааны. Андыктан, жаз менен кошо жакшылыктардын үрөөнү себилип, өлкөбүз өнүгө берсин! Кармаган орозобуз кабыл болуп, бардык айтылган тилектерибиз орундалсын! Мамлекетибиз алдыга жылып, бардык башталган иш ийгиликтер менен коштолсун!

Диндер аралык алака чыӊдалып, улуттар ортосундагы ынтымак бекемделсин! Дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы жетишкендиктерге жетелеп, араздашкандар азайсын! Кампабыз данга, өрүшүбүз малга толсун!

Дагы бир жолу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм.

Айтыңыздар маарек болсун!".

Пикир

Оставить комментарий