• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Мамытов ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.04.21./Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Талант Мамытов Кыргызстан байкоо жараяндарына чоң маани берээрин жана аны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык чараларды көрөөрүн билдирди.

“Биздин өлкөдө эл аралык стандарттарга ылайык таза, ачык жана калыс шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде эпидемияга каршы чаралар камсыздалып, байкоочулар үчүн да керектүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн”,- деди Талант Мамытов.

Ошондой эле Талант Мамытов эл аралык байкоочуларга Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда шайлоочулардын 81,3%ы башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.

Өз кезегинде ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын координатору Реджеп Шекер референдумду өткөрүүгө карата даярдыктан алган таасирлери менен бөлүштү. Ал алдыдагы референдумга карата даярдыктын жүрүшүнө, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда акыркы технологияларды колдонуудагы жетишкендиктерге канаттанганын билдирди.

Ал эми Талант Мамытов учурдан пайдаланып, ушул жылдын 19-мартында чогуу Бишкектен Стамбулга учуп бара жатканда ооруп калган наристенин өмүрүн сактап калганы үчүн Реджеп Шекерге ыраазычылык билдирип: "Сиз дипломатия аркылуу гана эмес, өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүз менен да бир тууган түрк элдеринин биримдигин чыңдоого салмактуу салым кошуп жатасыз”,- деди.

Жолугушуунун соңунда Төрага Талант Мамытов шайлоого мониторинг жүргүзүү боюнча ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы тарабынан калыптанган тажрыйбага жогору баасын берип, бул эл аралык аренада ассамблеянын ролун чыңдоодо өтө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий